Социалдык контракт боюнча жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

646362602 2367288287085501 8400714211301444411 n

Кызыл-Суу айыл өкмөтүндө «Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү» программасынын алкагында жарандар менен түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.

Иш-чарага жөлөк пул алуучу жарандар катышып, аларга мамлекет тарабынан берилүүчү 150 000 сом өлчөмүндөгү каражатты алуу шарттары тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле, каражатты алуу үчүн милдеттүү түрдө бизнес-план түзүү талап кылынары жана аны туура даярдоонун жолдору практикалык мисалдар менен түшүндүрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө адистер жарандардын суроолоруна жооп берип, ар бир катышуучуга өз алдынча ишкердикти баштоо боюнча кеңештерин беришти.

Бул программа аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого алып, алардын туруктуу киреше табуусуна шарт түзүүгө жана жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталган.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген