2026-жылдын 5-февраль күнү Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында жайгашкан соода түйүндөрүндө жана дүкөндөрүндө көрнөк жарнактардын талапка ылайык жайгаштырылышы боюнча рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Рейдге райондук мамлекеттик администрациясынын, Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө жарнактардын мамлекеттик тилде жазылышы, андан кийин расмий тилде туура берилиши жана жалпы абалынын талаптарга жооп бериши текшерилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында айрым соода түйүндөрүнө мыйзам талаптарын сактоо боюнча эскертүүлөр берилип, көрнөк жарнактарды талапка ылайык келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындай иш-чаралар мамлекеттик тилдин колдонулушун кеңейтүүгө жана соода жайларындагы тартипти жакшыртууга багытталган.



