2026-жылдын 10-февралында Жети-Өгүз райондук прокуратурасынын демилгеси менен райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан коррупция көрүнүштөрүн болтурбоо максатында жыйын өткөрүлдү.
Аталган жыйынга райондук мекемелердин жана ишканалардын жетекчилери катышып, коррупцияга каршы аракеттерди күчөтүү маселелери кеңири талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, аларды алдын алуу жолдору жана тиешелүү чараларды ишке ашыруу боюнча сунуштар айтылды. Ошондой эле мыйзамдуулукту сактоо жана ачык-айкын иш алып баруу боюнча милдеттер белгиленди.
Мындай иш-чаралар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда коррупциянын алдын алуу, коомчулуктун ишенимин жогорулатуу жана башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу багытында маанилүү роль ойнойт.


