Муниципалдык ишканалар жана тарифтери

Муниципалдык ишканалар жана тарифтер

Кызыл-Суу айыл аймагынын муниципалдык ишканалары жана кызмат көрсөтүү тарифтери

Бул баракчада Кызыл-Суу айыл аймагындагы муниципалдык ишканалар тууралуу маалымат, алардын иш багыттары, материалдык-техникалык базасы, көрсөткөн кызматтары жана бекитилген тарифтери берилет.

Муниципалдык ишканалар 2 негизги ишкана
“Кызыл-Суу Тазалык” 55 кызматкер
“Ак-Жол Кызыл-Суу МТС” 25 кызматкер
Тариф бекитилген 04.02.2026-ж.

“Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасы

Ишкананын жалпы маалыматы

“Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасы Кызыл-Суу айыл аймагында катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу, аймакты көрктөндүрүү, жашылдандыруу, жарыктандыруу, жол жана коммуналдык багыттагы кызматтарды көрсөтөт.

Ишкана кайра каттоодон 2024-жылдын 27-июнунда өткөн. Мамлекеттик сатып алуулар порталы zakupki.okmot.kg системасында каттоосу бар.

Юридикалык дареги Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы, Комсомольская көчөсү, 49
Жетекчи 0700 10-32-45
Бухгалтер 0705 82-47-96

Иш багыты

Катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу, коммуналдык жана көрктөндүрүү кызматтары.

Полигон

Полигондун аянты — 1,350 га. АПУ жана экологиялык паспорту бар.

Материалдык база

Ишкананын гаражы жана офиси бар. Балансында атайын техникалар жана коммуналдык техникалар бар.

“Кызыл-Суу Тазалык” ишканасынын тарифтери

Катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча тарифтер Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин I чакырылышынын 14-сессиясынын №147 токтому менен 2026-жылдын 4-февралында бекитилген.

Калк үчүн 120 сом

1 кожолук үчүн ай сайын төлөнүүчү тариф.

Бир адамга эсептегенде 26 сом

1 адам үчүн ай сайын көрсөтүлгөн кызматтын баасы.

Мекеме, ишкана жана соцобъекттер үчүн 355 сом

1 м³ катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу кызматы үчүн.

Токтомдун номери №147
Бекитилген датасы 04.02.2026-жыл
Кеңеш Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
Кызмат түрү Катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу

“Кызыл-Суу Тазалык” ишканасы аткарган жумуштар

Муниципалдык ишкана келишимдин негизинде жеке жана юридикалык жактарга акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтөт. Ошондой эле аймактын санитардык абалы, жарыктандыруу жана көрктөндүрүү багытында иштерди алып барат.

Катуу тиричилик калдыктарын чогултуу Таштандыларды ташып чыгаруу Тышкы көрктөндүрүү элементтерин күтүү Көчөлөрдү жарыктандыруу Электр тармактарын эсепке алуу Тышкы жана ички жарыктандырууну монтаждоо Жол белгилерин тейлөө Көрнөк-жарнактарды оңдоо Курулуш иштеринин ар кандай түрлөрү Бак-дарактарды жана гүлдөрдү сугаруу Ички жолдорду сүрүү Көпүрөлөрдү оңдоо Жашылдандыруу кызматтары

“Кызыл-Суу Тазалык” ишканасынын техникалары

Ишкананын балансында таштанды чыгаруу, жол тейлөө, суу ташуу, ассенизация, жүк ташуу жана атайын иштерди аткарууга арналган техникалар бар.

КАМАЗ Газ АСКО 440-1 Газ АСКО 440-5 Беларус-82.1 ДТ-75 МАЗ 5904А2-020 таштанды ташуучу унаа — 2 даана HYUNDAI экскаватор ЗИЛ-131 водовоз ГАЗ-53 самосвал ГАЗ-53 ассенизатор МАЗ 490343 таштанды ташуучу унаа LONKING LG 1185 грейдер ЧТЗ Т-130 бульдозер Телескопичка Rexton пикап HOWO оор жүк ташуучу 5 мотороллер XGMA XG6161M-T дорожный каток XGMA XG955N погрузчик HOWO ZZ3257N3847A грузовой — 2 даана СЗАП 8527 самосвал прицеп FAWCA5123GQW2550 грузовой, ассенизатор

“Ак-Жол Кызыл-Суу машинотрактордук станциясы” муниципалдык ишканасы

Ишкананын жалпы маалыматы

“Ак-Жол Кызыл-Суу машинотрактордук станциясы” муниципалдык ишканасы чарба жүргүзүү укугундагы муниципалдык ишкана болуп саналат. Ал Кызыл-Суу айыл округунун 2009-жылдын 18-сентябрындагы №190 токтомунун негизинде түзүлгөн.

Ишкана 2009-жылдын 22-сентябрында Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгы тарабынан каттоодон өткөн. Административдик-аймактык реформадан кийин мурунку муниципалдык ишканаларды кошуу жолу менен 2024-жылдын 9-сентябрында кайра каттоодон өткөн.

Ишкананын түрү Чарба жүргүзүү укугундагы муниципалдык ишкана
Кызмат көрсөтүү аймагы Кызыл-Суу, Жалгыз-Өрүк, Кирпичный, Кайнар, Пристань, Саруу айылдары
Кызматкерлер 25 адам

Негизги максаты

Айыл чарба товарын өндүрүүчүлөргө айыл чарба, техникалык жана сервистик тейлөө кызматтарын көрсөтүү.

Ветеринария жана агрономия

Кызыл-Суу айыл аймагында ветеринария жана агрономия жаатында бирдиктүү саясат жүргүзүү.

Айыл чарба өнүктүрүү

Көп жылдык плантацияларды иштетүү, өстүрүү, кеңейтүү жана үрөн чарбасын өнүктүрүү.

“Ак-Жол Кызыл-Суу МТС” ишканасынын кызматкерлери жана түзүмү

Ишканада штат бирдигине ылайык 12 адам, эмгек келишиминин негизинде 13 тракторист-машинист, жалпы 25 адам эмгектенет.

Жетекчи Башкы бухгалтер Кассир “Агрозооветсервис” бөлүм башчысы “АПК” бөлүм башчысы №2-бригаданын бригадири Механик Топозчу Топозчунун жардамчысы АПКнын кароолчусу МТСтин кароолчусу Айдоочу 13 тракторист-механизатор

“Ак-Жол Кызыл-Суу МТС” ишканасынын техникалары

Ишкананын балансында айыл чарба иштерин жүргүзүүгө арналган тракторлор, комбайндар, жүктөгүч жана айыл чарба агрегаттары бар.

“Нива” кызматтык автоунаасы — 1 даана УАЗ автоунаасы — 1 даана МТЗ-82 трактор — 11 даана “Беларус” 1221.2 трактор — 2 даана “Беларусь” 1222.3 трактор — 4 даана “Нива” СК-5 МА комбайн — 5 даана “Полесье ЖС-200” дан комбайны — 1 даана “VEKTOR-410” дан комбайны — 1 даана “ДОН-680М” тоют жыйноочу комбайн — 2 даана Погрузчик — 1 даана Айыл чарба агрегаттары — 32 даана Картофелекопалка — 1 даана 28 катар универсалдуу сеялка — 1 даана

Мал чарба багыты

Алыскы сырт өрөөнүндө жайгашкан “Карасай” участкасында “Ак-Жол Кызыл-Суу МТС” ишканасына караштуу топоздор жана башка мал чарба багытындагы мал-жандыктар багылууда.

Топоздор 165 баш
Кочкорлор 7 баш
Борук 9 баш
Токту 8 баш
Соолук кой 45 баш
Ангус породасындагы бодо мал 4 баш

2025-жылы аткарылган айыл чарба кызматтары

2025-жылы “Кызыл-Суу МТС Ак-Жол” муниципалдык ишканасы айыл чарба техникаларынын жардамы менен бир катар кызматтарды аткарып, жалпы 3 384 979 сомдук жумуш жүргүзгөн.

Айдоо жер, соко368,19 га / 736 380 сом
Айдоо эмес жерлер, соко48,41 га / 106 502 сом
Мала119,65 га / 143 580 сом
Себүү250,39 га / 300 468 сом
Дискалоо139,21 га / 208 815 сом
Доминатор15,1 га / 33 220 сом
Арыктарды казуу50,21 га / 35 147 сом
Чөп чабуу, тегерете64,27 га / 96 405 сом
Чөп чабуу, бир тараптуу6,3 га / 10 710 сом
Тырмоок51,85 га / 62 220 сом
Тоют чөбүн түктөө9542 даана / 143 130 сом
Эгин жыйноочу комбайн542,78 га / 1 302 672 сом
Сенаж чабуучу комбайн12,2 га / 71 370 сом
Жүгөрү чабуучу комбайн19,75 га / 108 625 сом
Химикаттарды чачуу3,70 га / 3 700 сом
Картошка казуу3,39 га / 22 035 сом

Муниципалдык ишканалар — аймактын туруктуу өнүгүүсүнүн маанилүү бөлүгү

“Кызыл-Суу Тазалык” жана “Ак-Жол Кызыл-Суу машинотрактордук станциясы” муниципалдык ишканалары айыл аймагындагы коммуналдык тейлөө, санитардык абалды жакшыртуу, айыл чарба кызматтарын көрсөтүү, техникалык колдоо жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү багытында маанилүү иштерди аткарат.

Тарифтер жана кызмат көрсөтүүлөр жергиликтүү кеңештин чечимдерине, ишканалардын материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө жана калктын муктаждыктарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген