Армрестлинг боюнча Дүйнө кубогунда Кызыл-Суудан чыккан спортчу кош алтын медаль утту

627384386 25390188347350310 1636629342016166991 n

2026-жылдын 30-январынан 7-февралына чейин Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында армрестлинг боюнча Дүйнө кубогу өтүп, кыргызстандык спортчулар үчүн чоң ийгиликтер менен жыйынтыкталды.

Мелдешке Жети-Өгүз районунун борбору болгон Кызыл-Суу айылынан чыккан спортчулар катышып, эл аралык аренада жогорку деңгээлде күч сынашты. Алардын ичинен Нурланов Залкар өзгөчө ийгилик жаратып, эки категорияда тең жеңишке жетишти.

Эки күнгө созулган сол жана оң кол боюнча таймаштардын жыйынтыгында:

  • Нурланов Залкар (80 кг чейин) — сеньорлор арасында 1-орун
  • Нурланов Залкар — юниорлор категориясында да 1-орунду багындырып, кош алтын медаль ээси болду

Мындан тышкары:

  • Абдыкадыров Жаныбек — ДМЧА боюнча 2-орун
  • Муканбетов Элмирбек — юниорлор арасында (60 кг) 2-орун

Бул жыйынтыктар спортчулардын өжөр эмгегинин, бекем тартибинин жана жогорку даярдыгынын далили болуп саналат. Кызыл-Суудан чыккан спортчулар Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп, эл аралык деңгээлде чоң жетишкендиктерди көрсөтүштү.

Айрыкча спортчуларды тарбиялап, мындай жогорку деңгээлге жеткирген машыктыруучу Ruslan Abdybekovго терең ыраазычылык билдирилет. Анын эмгеги бул жеңиштердин негизги факторлорунун бири болуп саналат.

Бул жеңиш — Кызыл-Суу айылынын, Жети-Өгүз районунун жана жалпы Кыргыз Республикасынын сыймыгы болуп эсептелет.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген