Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында таза суу системасын жаңылоо боюнча ири долбоор ишке ашырылууда. Бул долбоор климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу менен камсыздоо кызматтарын жакшыртууга багытталган .
Долбоордун негизги максаты — айыл тургундарын сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу менен камсыздоо инфраструктурасын модернизациялоо болуп саналат.
Долбоордун алкагында төмөнкү иштер аткарылат:
– 4–5 даана жаңы суу скважиналарын куруу
– суу алуу (водозабор) объекттерин куруу
– ичүүчү сууну тазалоо жана залалсыздандыруу системасын орнотуу
– суу түтүк тармагын (разводка) толук жаңылоо
– санитардык коргоо зоналарын түзүү
Ошондой эле долбоордо энергияны үнөмдөөчү насостор орнотулуп, суу сапатын жакшыртуу үчүн атайын тазалоо системалары колдонулат .
Курулуш иштери болжол менен 18 айга созулуп, бүткөндөн кийин 12 айлык кепилдик мөөнөтү каралган .
Долбоорду ишке ашыруу учурунда айлана-чөйрөгө терс таасирлерди минималдаштыруу чаралары көрүлүп, экологиялык жана социалдык стандарттар толугу менен сакталат .
Бул долбоор ишке ашкандан кийин айыл тургундары таза жана туруктуу ичүүчү суу менен камсыз болуп, жашоо шарттары кыйла жакшырмакчы.


