Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жайгашкан Кызыл-Суу айылында социалдык шаарчанын курулуш иштери башталды. Бул тууралуу район акими Эрмек Бахавидинов маалымдады.
Долбоор жалгыз бой энелерди колдоого багытталган жана кайрымдуулук фонддун колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул максатта 3 гектар жер тилкеси бөлүнгөн.
Долбоордун алкагында толук шарттары менен 100 турак үй куруу пландалууда. Үйлөр керектүү эмеректер жана турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар менен камсыздалат. Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын май-июнь айларында аяктайт деп күтүлүүдө.
Мындан тышкары, шаарчанын инфраструктурасына төмөнкүлөр кирет:
– фельдшердик-акушердик пункт (ФАП)
– мини-футбол аянтчасы
– кондитердик цех
– мечит
Ошондой эле Ас-Сафа кайрымдуулук фонду тарабынан 50 орундуу бала бакча куруу каралган.
Белгилей кетсек, буга чейин дагы бир кайрымдуулук фонддун колдоосу менен район аймагында 3 турак үй жана мечит курулуп, пайдаланууга берилген. Учурда ал үйлөрдө жалгыз бой энелер балдары менен жашап жатышат.