Жалгыз-Өрүк айылында 225 орундуу мектеп курулуп пайдаланууга берилди

Whatsappimage20240429at173353 942662f8bc6764566.94616554

Кызыл-Суу айыл аймагына караштуу Жалгыз-Өрүк айылында 225 орундуу заманбап мектептин курулуш иштери ийгиликтүү аяктады.

Мектептин эскиздик долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Жети-Өгүз районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан.

Курулуш иштери 2023-жылы башталып, толугу менен бүткөрүлдү. Бүгүнкү күндө мектеп пайдаланууга берилип, окуучуларды кабыл алууга даяр.

Бул долбоордун ишке ашырылышы айылдагы билим берүү шарттарын жакшыртып, окуучулар үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болду.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген