Кызыл-Суу айыл аймагында Тажик жана Афган согуштарына катышкан ардагерлердин урматына арналган Ысык-Көл облустук деңгээлдеги грек-рим күрөшү боюнча турнир өткөрүлдү.
Аталган иш-чаранын негизги максаты — мекен үчүн кызмат өтөгөн ардагерлерди эскерүү, алардын эрдигин жаш муунга даңазалоо жана спортту өнүктүрүү болуп саналат. Турнирге облустун ар кайсы аймактарынан келген жаш балбандар катышып, өз ара күч сынашты.
Мелдеш жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулар мыкты даярдыгын көрсөтүштү. Жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине тиешелүү сыйлыктар тапшырылып, ардагерлерге урмат көрсөтүлдү.
Бул сыяктуу иш-чаралар жаштарды патриоттук тарбиялоодо жана сергек жашоо образын калыптандырууда маанилүү роль ойнойт.


