Кызыл-Суу айыл өкмөтү Кызыл-Суу айылында жайгашкан 2-02-09-0011-0003 кодтогу 11,0 гектар жер аянтын көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн узак мөөнөткө ижарага берерин маалымдайт. Ошондой эле, 4,0 гектар жер аянтына убактылуу бетон заводун куруу үчүн жер аянты ижарага берилет.
Мындан тышкары, көп кабаттуу үйлөрдү куруу максатында курулуш компаниялар арасында сынак жарыяланат.
Ошол эле учурда, жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесинде курулуш иштерин жүргүзүү үчүн керектелүүчү кум-таш материалдарын алуу максатында, Саруу айыл аймагындагы №33, №36, №37, №38 контурларда жайгашкан 8,15 гектар кум-таш карьери ижарага берилет. Бул багытта да катышуучулар үчүн сынак жарыяланат.
Толук маалымат алуу үчүн Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө кайрылсаңыздар болот.
Байланыш телефондору:
(03946) 51-8-07, 52-1-41